Сокулукта үч баласын саткан аял. Иш сотко өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековТергөөчү текчеден папканы чыгарып жатат. Архивдик сүрөт
Тергөөчү текчеден папканы чыгарып жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Аялдын үч баласын сатканы боюнча кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Учурда айыпталып жаткан 22 жаштагы Д.Н. №1 тергөө абагында кармалып турат.
"Аялга Кылмыш-жаза кодексинин "Бала сатуу" беренеси боюнча айыбы угузулду. Тергөө соңуна чыкты, иш Сокулук райондук сотунун кароосуна өттү", — деди милициядан.
Эскерте кетсек, Сокулук районунун тургуну үч жыл катары менен төрөп, ымыркайларды сатып келгени аныкталган. Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, наристелер асырап алган ата-энелери менен калды.
Бала бакчадагы балдар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Министрлик энеси сатып жиберген балдардын тагдыры боюнча маалымат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0