Россия менен Кытайдын премьерлери 2030-жылга чейинки планга Бишкекте кол коюшат

© Фото / пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссия менен Кытайдын мамлекеттик желектери. Архив
Россия менен Кытайдын мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Россия менен Кытайдын премьерлери 2030-жылга чейинки биргелешкен планга Бишкекте кол коюшат. Анын конкреттүү жана маанилүү экенин Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Премьер-министрлер Бишкекте пунктуларды деталдаштырып, биздин 2030-жылга чейинки өз ара кызматташуу планына кол коюшу керек. Бул өтө жакшы план. Ал конкреттүү жана олуттуу. Мунун баары эки тараптуу жасалып жатат", — деди Путин.
Белгилей кетсек, ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын отуруму Кыргызстандын борборунда 25-26-октябрда өтөт.
Россиянын Президенти В.Путиндин Бир алкак - бир жол үчүнчү эл аралык форумунун иш-чараларына катышуу үчүн Кытайга болгон сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Путин: "Бир алкак — бир жол" Россиянын Евразия боюнча идеясы менен үндөш
Жаңылыктар түрмөгү
0