Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 14 чакырым тилкеси макулдашылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРКыргыз-тажик чек арасынын дагы 14 чакырым тилкеси макулдашылды
Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 14 чакырым тилкеси макулдашылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Жазылуу
Тараптар калган тилкелерди тактоо боюнча иштерди кийинки жолугушууда улантышат.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырым тилкеси макулдашылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРКыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырым тилкеси макулдашылды
Встреча топографических рабочих групп Правительственных делегаций КР и РТ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Билдирмеге караганда, 12-октябрдан 18-октябрга чейин Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жана чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча жумушчу топтору жолугушуу өткөргөн.
"Анда кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырым тилкеси макулдашылды. Тараптар калган тилкелерди тактоо боюнча иштерди кийинки жолугушууда улантышат, кезектегиси Кыргызстандын аймагында болот", — деп жазылат маалыматта.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлуп, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү кошумчаланды.
Буга чейин кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырым тилкеси макулдашылган.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациялардын кезектеги жолугушуусу болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Ташиев: кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чече турган протоколго кол коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0