Коркутуулар болот, коргонуу жолун ойлонуп койгом. Вице-мэр Орунтаевдин видеомаеги

Жазылуу
Соңку жылда Бишкек шаарында бир нече объектилер мыйзамсыз жерге курулган деп түрттүрүлүп, бузулду. Муну колдогондор да, тескерисинче, барды бүлүндүрүп жатышат деп сындагандар да бар.
Калааны иретке келтирүүнү колго алгандардын бири Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев менен маек курдук.
Анын айтымында, Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга карата катуу күрөш башталды, эми бул иштер шаар иретке келтирилмейинче токтобойт. Орунтаев бир кездерде муниципалдык мүлккө кайдыгер мамиле жасалып, жер, имараттар таратылып кеткенине токтолду. Учурда аларды да мэрияга кайтарып алуу иштери жүрүүдө.
Орунтаев менен ишиндеги оош-кыйыш, жаңы системаны түзүүгө бет алуу үчүн калыптанган мүнөз, буга чейинки эмгек жолу тууралуу баарлаштык.
Тема боюнча:
Бейтап үзүлүп баратканда кан берген күндөрүм болот. Сабыр Жумабековдун видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0