Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстандыктардын финансылык сабаттуулугуна баа берилди

© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуттук банктын коммуникация жана эл аралык башкармалыгынын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Мүсүралиев
Улуттук банктын коммуникация жана эл аралык башкармалыгынын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Мүсүралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Жазылуу
Улуттук банктын коммуникация жана эл аралык башкармалыгынын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Мүсүралиев Кыргызстанда калктын каржылык сабаттуулугунун деңгээли орто деп белгиленгенин айтты.
Калктын финансылык сабаттуулугу мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогорулап калды. Эл арасында акчаны туура колдонуу, сактоо, сарптоо боюнча түшүнүк жакшырып калганын Кубаныч Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстандыктардын финансылык сабаттуулугуна баа берилди
Анын айтымында, үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу, балага туура финансылык көндүмдөрдү үйрөтүү, акчаны колдонуудагы тобокелчиликтер тууралуу Улуттук банк аймактарды кыдырып, маалыматтык кампаниясын күчөттү.
"Финансылык сабаттуулук боюнча бир да өлкө өтө жогорку деңгээлге чыга элек. Кыргызстан жана Орто Азия өлкөлөрүнүн көрсөткүчү орто деңгээлде. Жыл сайын республикалык акча топтоо жумалыгы, каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар белгиленип турат. Мисалы, Улуттук банк 2016-2020-жылдары калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын кабыл алып, бир катар жолугушууларды уюштурду. Калктын финансылык сабаттуулугу мурдагы жылдарга салыштырмалуу кичине жогорулап калды. Эл арасында акчаны туура колдонуу, сактоо, сарптоо боюнча түшүнүк жакшырууда", — деди Мүсүралиев.
Ошондой эле адис финансылык пирамидаларга алдангандардын саны дагы деле көп болуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0