УКМК Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкыларын таап чыкты. Тулпарлардын сүрөтү

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУКМК Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкыларын таап чыкты
УКМК Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкыларын таап чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Жазылуу
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. УКМК жок кылынган Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкылары алынганын кабарлады. Жылкылардын жалпы баасы 500 миң доллар экени айтылды.
Комитет "Уюшкан кылмыштуу топко катышуу" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын белгилеген.

"Козголгон иштин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркум Камчы Асанбектин 500 миң доллардан ашык асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча баалуу мүлкү аныкталып, алынды", — деп айтылат маалыматта.

УКМК алынган тулпарлардын ар бирин тизмектеп, баасын кошо көрсөткөн:
Баш кашка, англис породасы — баасы 150 миң доллар;
Командор, англис породасы — баасы 100 миң доллар;
Раушан, англис породасы — 100 миң доллар;
Дончак, дон породасы — 100 миң доллар;
Кундуз, таза кандуу англис породасы — 50 миң доллар;
Байтал, таза кандуу англис породасы — 50 миң доллар;
Острый — 15 миң доллар;
Рысбек Акматбаевдин туугандарынын сарайынан Камчы Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ — 5000 доллар.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.
Пачки долларов в Бюро гравировки и печати. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
УКМК Камчы Көлбаевдин байлыгын көрсөттү: бриллиант таажы, хан сарайлар. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0