Жаңы жылдан тарта соода жүргүзүүгө берилчү патент жокко чыгарылат

© Sputnik / Табылды КадырбековПатент бланкасы. Архивдик сүрөт
Патент бланкасы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Жазылуу
Бирдиктүү салык режимин тандаган ишкерлер ККМ пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө милдеттүү болот.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотула турганын Салык кызматы кабарлады.
Маалыматта көрсөтүлгөн мезгилге чейин патент менен соода кылгандар салыктын башка режимдерине өтүшү керектиги айтылат.
Ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:
жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт;
бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 миллион сомго чейин болсо салыктан бошотулат, ал эми 30 миллион сомго чейин 0,5 пайыз, 50 миллион сомго чейин болсо 1 пайызды түзөт.
Бирдиктүү салык режимин тандаган ишкерлер ККМ пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн салык режимдеринин бирине өтүү үчүн ишкерлер учурдагы катталган жери боюнча салык органына арыз бериши керек.
Азыркы учурда ишкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы айтылды.
Кошумча маалыматты 116 номери аркылуу билүүгө болот.
Бишкектеги базарлардын биринде кийим сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Пресс-борбор
Өкмөт кичи базарлардагы соодагерлерден 0,1% салык алууну пландап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0