Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бапанова: лагерь баланын калыптанышына мыкты жардам берет

© Sputnik / Асел АкматДиректор Республиканской детской инженерно-технической академии "Алтын туйун" Жаркын Бапанова
Директор Республиканской детской инженерно-технической академии Алтын туйун Жаркын Бапанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Жазылуу
"Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык улуттук академиясынын директору, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Жаркын Бапанова бала жана өлкө үчүн лагердин орду тууралуу айтып берди.
"Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык улуттук академиясы менен Россиядагы "Орлёнок" борбору беш жылга келишим түздү. Бул тууралуу Жаркын Бапанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бапанова: лагерь баланын калыптанышына мыкты жардам берет
Анын айтымында, балдар үчүн лагердин орду чоң.
"Лагерь — баланын калыптанышына мыкты мүмкүнчүлүк. Анткени ал жактан жаңы нерселерди көрүп, жаңы маалыматтарды ала алат. Эл аралык лагерь өлкөлөр арасындагы достук мамилесин да бекемдөөгө шарт түзөт. Биз келишим түзгөн Россиянын "Орлёнок" борбору менен азырынча беш жыл кызматташууну пландап жатабыз. Буюрса андан кийин да иштешебиз деген ишеним бар. Аталган борбордун 10 лагери бар, 11-16 жаштагы балдарды кабыл алат. Ал жакка барган балдар чет тилин үйрөнүүгө шыктанып, дүйнө таанымын кеңейтет. Аң-сезимин өстүрүүгө жардам берет. Бара турган балдардын каражат маселесин кантип чечүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Балким балдарга стимул болсун деген демөөрчүлөр чыгып калар. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин биринчи жолу балдарды январь-февраль айларында "Орлёнок" борборуна жиберет", — деди Бапанова.
Ал "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык улуттук академиясынын филиалдары жети облуста тең бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0