Нарында азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАзык-түлүк жарманкеси. Архив
Азык-түлүк жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
Жарманкеде айыл чарба продукциялары дүң баада сатылат.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Нарын шаарында жергиликтүү дыйкан, фермерлерди колдоо максатында азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Анын айтымында, жарманке өткөрүүнү Нарын шаардык кеңеши менен мэрия демилгелеген.
Азык-түлүк жарманкеси 21-22-октябрь күндөрү Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтөрү айтылды. Анда айыл чарба продукциялары дүң баада сатылмакчы. Жарманкенин негизги максаты — жергиликтүү дыйкан, фермерлерди колдоп, азык-түлүктү ортомчусуз ыңгайлуу баада сатуу жана сатып алуу.
Кант кампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Төрөбаев: Кыргызстанда азык-түлүк көйгөйү жаралбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0