Жапаров: ири геосаясий оюнчулардын Борбор Азияга кызыгуусу күчөп жатат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
Жапаров Борбор Азия дүйнөлүк процесстердин толук кандуу субъектиси болууга ниеттенип жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Акыркы убактарда дүйнөдөгү ири геосаясий оюнчулардын Борбор Азияга кызыгуусу артып жатканы байкалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Борбор Азиянын Vl эксперттик форумунда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Борбор Азия дүйнөлүк процесстердин толук кандуу субъектиси болууга ниеттенип жатканын белгилеген.
"Мен муну бир нече фактор менен байланыштырып жатам. Биринчисин дүйнөдөгү кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу ири державалардын регионго таасирин кайра бөлүштүрүү аракети менен байланыштырдым. Бирок сырткы күчтөр Борбор Азия өлкөлөрүн бир бүтүн катары карашат. Байкасаңыздар, акыркы учурдагы бардык саммиттер С5+1 форматында өтүүдө", — деген Жапаров.
Анын айтымында, 2018-жылдан бери аймактагы интеграциялык процесстерде өсүш бар.
"Дүйнөлүк масштабда субъект болуш үчүн Борбор Азия башкалар менен тыгыз кызматташуусу керек. Бул глобалдык тектоникалык өзгөрүүлөрдүн шартында биздин экономикалык жана саясий атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүздү жогорулатат", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Борбор Азия лидерлерин АКШда эмне күтөт? С5+1 саммити жөнүндө пикир
Жаңылыктар түрмөгү
0