Бензиндин литрине бир сом кошуу сунушталды. Акча кайда жумшаларына түшүндүрмө

© AFP / JEFF PACHOUDМай куюучу жайда адам. Архив
Май куюучу жайда адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
Өлкөдө жолдун сапатын жакшыртуу маселеси дайым көтөрүлүп келет. Грантка жол салынды, бирок анын өзүн-өзү камсыздоочу механизми жок. Бир катар сунуштар айтылып, айрым жолдорго кошумча акы же бензиндин литрине бир сом кошуу да сунушталган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директорунун орун басары Акылбек Мусабаев жана аталган министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов болду. Биз Кыргызстандын жолдоруна байланышкан азыркы абал жана бензиндин литрине бир сомдон кошуп сатуу деимлгеси тууралуу сүйлөштүк.
— "Унааны ким көбүрөөк айдаса, жолду ошол бузат" деген принцип менен демилгеленген бензиндин литрине бир сомдон кошуу мыйзам долбоору тууралуу маалымат берсеңиз?
Акылбек Мусабаев: — Бул мыйзам азыр коомдук талкууга коюлган. Ага нааразы болгондор да көп. 2021-жылы Жол фонду түзүлгөн. Анын негизги максаты жолго тиешелүү каражатты бир жерге топтоп, жол куруу, оңдоо жана тейлөөгө колдонуу эле. 2022-жылы "Жол фонду жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, анда 16 каржы булагы аныкталган. Учурда анын ичинен тогузу иштеп, быйыл түшө турган каражат болжол менен 3 миллиард 900 миллион сомду түзүүдө. Анткен менен жыл сайын транспорт арбып, жүк ташуучу унаалардын параметрлери дагы өзгөрүүдө. Оор жүк ташуучу унаалар көбөйдү. Ошондуктан жолдор бат эле талкаланып, бузулуп жатат. Бул үчүн жылына беш миллиард сом акча керектелет. Муну табыш үчүн кошумча булактар изделүүдө. Алардын бири катары бир литр майга бир сом кошуу сунушталууда. Учурда мыйзам коомдук талкууда турат. Бул жерде жолду ким канча колдонсо ошончо төлөсүн деген принцип иштейт. Мыйзам долбоору президенттик аппаратка сунушталып, анан Жогорку Кеңеште үч окуудан өтүп, депутаттар колдосо мыйзам кабыл алынат.
© Sputnik / Асел АкматТранспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директорунун орун басары Акылбек Мусабаев
Заместитель директора Дорожного фонда Министерства транспорта и коммуникаций Акылбек Мусабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директорунун орун басары Акылбек Мусабаев
— Кошумча акынын расмий айтылышы кандай болот? Жыйым, төлөм же кошумча салык дейбизби?
А.М.: — Бул жолдорду оңдоп-түзөөгө алына турчу жыйым болуп эсептелинет. Коомчулуктун талкуусунда ар кандай сын-пикирлер да айтылууда, окуп жатабыз. Айрымдар майдын кымбатташына нааразы. Союз тарагандан бери жолдор каралбай, көпчүлүгү талкаланып кеткен. 1991-жылдан 2010-жылга чейин жолго бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Негизи жолду бир салгандан кийин 20 жылга чейин турушу керек. Бирок аны 2-3 жылда бир оңдоп-түзөп туруу талап кылынат. Ошондо нормада кармап тура алабыз. 2010-жылдан баштап ар бир облуска үч чакырымдан жол салуу башталган. Жети облуска болжол менен жылына 21 чакырым жол салынган. Ал үчүн жылына бир миллиард 800 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Биздин министрликтин балансында 19 миң чакырым жол бар. Орто эсеп менен алганда эки миллиард сомду 19 миң чакырымга бөлсөк, бир чакырымына 104 сомдон тиет. Иш жүзүндө ал акча бир даана жол белгисин сырдаганга да жетпейт. Ошол себептен фонд түзүлүп, акциз салыгын, транспортторду каттоодон түшкөн каражаттарды, ашыкча жүккө салынган айып пулдарды, жол чекесине курулган май куюучу жай, жарнамалык такта жана мекемелерден алынган акчаны кошкондо баары биригип 3 миллиард 900 миллион сомду түздү. Жолго тиешелүү быйылкы кирешебиз ушул. Бул каражат да жетпейт. Ага 300 чакырымга жакын асфальт төшөп, 150 чакырым жолдун үстүңкү катмарын оңдодук. Азыр машинанын түрү көп, 40тан 80 тоннага чейин жүк баткан унаалар бар. Мисалы, Бишкек — Ош жолунан бир суткада 38 миң машина өтөт. Ошентип суткасына миң машинага, 15-20 миң тоннага ылайыкталган жол жылына 1 миллиметрден желет. Анан кантип жолдорубузга 20 жыл кепилдик бере алабыз. Ал жолдордун аң-чөнөктөрүн убагында оңдоп-түздөп, үстүн бодурлап койсок дагы беш жылга чыдашы керек.
— Ички жолдор кандай болот? Бензиндин баасын жалпы көтөргөнү жатабыз. Бирок баары эле алыс жолго чыга бербейт да...
А.М.: — Туура, бирок 1998-жылы "Жол фонду жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, 20 жылдын аралыгында иштебей калган. 2019-жылы депутаттар тарабынан маселе кайра көтөрүлүп, долбоор эки жыл иштелип, 2021-жылы кайра кабыл алынып жатат. Мисалы, коңшулар союз тарагандан кийин эле "Жол фонду" деп түзүп, жолго тийиштүү акчалардын баарын бир жерге топтогон. Биз буга жаңыдан гана өтүп жатабыз. Эми үч-төрт жылда он миллиард сомго жетүү планыбыз бар. Кошумча булактарды тапсак өзүбүзгө эле жакшы. Ушуга чейин канчалаган чакырым эл аралык жолдор насыяга салынды. Эгер жолго топтогон акчанын көлөмүн 10 миллиардга жеткирип алсак, беш миллиардын улам оңдоп-түздөп турганга, калганын эл аралык, республикалык маанидеги жолдорду өз күчүбүз менен салууга шарт түзүлөт.
© Sputnik / Асел АкматТранспорт жана коммуникациялар министрилигин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов
Пресс-секретарь Министерства транспорта и коммуникаций Кылычбек Досумбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Транспорт жана коммуникациялар министрилигин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов
— Бул мыйзамды элге туура жеткирүү жагынан кандай иштерди аткарып жатасыздар?
Кылычбек Досумбетов: — Мыйзам долбоору абдан чоң талкууну жаратууда. Түшүндүрүп, элдин талкуусуна койдук. Акыркы жылдары жол салууга эле 2,5 миллиард доллар карыз алыптырбыз. Жолдор да жакшы өзгөрдү. Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там, Эркеч-Там — Карамык, Бишкек — Ош, Бишкек — Кара-Балта өңдүү жолдорубуз оңдолуп жатат. Мунун баары насыя. Бирок улам эле карыз ала бербейбиз да. Ошол себептен Жол фондун түзүп, ал жерге каражат топтоого атайын демилге көтөрүлүүдө. Мурда чет элдик компания тендерден утуп жол салчу. Акыркы жылдары бюджетке түшкөн акчанын эсебинен жол салууга өттүк. Азыр күйүүчү май кымбаттап жатат, Россияда да кризис. Мунай иштетүүчү компаниялар да туруп калды. Ошого карабастан жолдорубузду сактап калышыбыз керек. Жумгал жолу жасалганы Казарманга Чаектен ары 1,5 саатта жетүүгө мүмкүнчүлук ачылды. Мурда Кара-Кече аркылуу беш саатта араң жетчүбүз. Бир аз акча төлөө менен шарт түзүлүп жатат. Ушул жагын эске алалы.
Токойчу жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Эл токойдун маанисин түшүнүп жерди ижарага ала баштады. Токой кызматынын иши
Жаңылыктар түрмөгү
0