РФте оор кырдаалга тушуккан кыргызстандыктар кайда кайрылса болот? Даректер

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМосквадагы кафеде иштеген мигрант. Архивдик сүрөт
Москвадагы кафеде иштеген мигрант. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эгерде Россияда жүргөн кыргызстандыктар кандайдыр бир мыйзамсыз жагдайга туш болсо, Москва шаарындагы өкүлчүлүккө кайрылууга чакырды.
Турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон мекендештер төмөнкү маселелер боюнча кайрыла алышат:
эмгек акысын бербей койсо;
иш учурунда жаракат алып компенсация өндүрө албай калса;
ооруп калганда, колундагы баласы менен акчасы жок мекенине кайта албай жатканда;
административдик жоопко тартылганда юридикалык жардамга муктаждар;
мигрант жакындары кармалса ал тууралуу маалымат алуу;
каза болгон тууганынын сөөгүн алып келүү;
Россияга кирүүгө тыюу салган кара тизмеде бар-жогун текшерүү.
Өкүлчүлүктүн ишеним телефону +7 925 030 26 27, электрондук дареги pred.mtsom@mail.ru же Москванын Малая Полянка көчөсү, 7 дарегиндеги кеңсесине да барышса болот.
Жатакананын коридорунда аял кызы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул кимге кантип берилет? Жол-жобосу
Жаңылыктар түрмөгү
0