Россиялыктарды суктандырган кыргызстандык келин. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык Анара Мурзакулова Россияда эң мыкты кондитер деп табылган. Анын ийгиликке кантип жеткенин видеодон көрүңүз.
Кыргызстандык Анара Мурзакулова эки жыл мурда Россияда мыкты кондитер аталган. Ал "Пятница" телеканалында Ренат Агзамовдун долбоорунда жеңүүчү болгон. Азыр Москвада анын эки кондитер студиясы бар.
"Мурун үй-бүлөбүз менен кыйналып жашаганбыз. Тамак-ашка акча жетпей, карызга батып кеткенбиз. Азыр батир, унаа алдык", — деди Анара.
Ал Кыргызстанда жана Россияда ондогон кызды кондитердикке окутту. Анара Кыргызстанда кондитер искусствосу боюнча эл аралык мектеп ачууну көздөөдө.
По теме:
"Кондитердин" жеңүүчүсү Анара: миллион рублди эмнеге короторумду чечтим
Жаңылыктар түрмөгү
0