Байсалов: Кыргызстан Кытай жарандарынын бир бөлүгү үчүн визасыз режим киргизет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстан жана Кытайдын желектери. Архивдик сүрөт
Кыргызстан жана Кытайдын желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Эдил Байсаловдун айтымында, мындай чечим эки өлкөнүн элдеринин достук жана өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүү үчүн жасалган кадам.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү чечими кабыл алынды. Тагыраагы, Гонконг менен Макаонун резиденттери үчүн уруксат берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Бир алкак — бир жол" демилгесинин 10 жылдыгына арналган "Кыргызстан — Кытай" достук жыйналышында билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди элдик дипломатияны өнүктүрүү үчүн министрлер кабинети кабыл алды. АКШ, Улуу Британия жана Европа биримдигине ачык визасы бар Кытай жарандары дагы бул артыкчылык менен колдоно алышат.
Садыр Жапаров Кытайдын элчисин Достук ордени менен сыйлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Садыр Жапаров Кытайдын элчисин Достук ордени менен сыйлады
Жаңылыктар түрмөгү
0