Афганстанда дагы жер титиреди. Жүрөк үшүн алган видео

© AP Photo / Ebrahim NorooziАфганистандын батышындагы Герат провинциясында адам жер титирөөдөн жабыркагандарды издеп жатат
Афганистандын батышындагы Герат провинциясында адам жер титирөөдөн жабыркагандарды издеп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Афганстандын Герат провинциясында магнитудасы 5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталганын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңде жайгашкан. Азырынча жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.
Эске салсак, 7-октябрда да Афганстанда жер силкинип, андан 2 500дүн тегерегинде адам каза болгон.
Кыргызстандын ӨКМи аталган аймактагы жер титирөөнүн жүрөк үшүн алган видеосун жарыялаган.
Анда каза болгон адамдар, үй-жайы жок калгандар, талкаланган үйлөрдү көрүүгө болот.
Стамбул шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Сейсмологдор Түркияда ири жер титирөө болушу мүмкүн экенин боолголошууда
Жаңылыктар түрмөгү
0