Ошто Женгонун кылмыштуу тобунун жети мүчөсү кармалды

© AFP / NOEL CELISКолуна кишен салынган шектүүлөр. Архивдик сүрөт
Колуна кишен салынган шектүүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Жазылуу
Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо жана аларга каршы күрөш уланып жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ошто Женго каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун жети активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Кылмыштуу топко мүчө дегендер Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөн.
"УКМК 28 жаштагы М.у.Х., 30 жаштагы Р.А.С. жана Ю.У., 45 жаштагы А.Ы.Б., Ош облусунун Өзгөн районун "кармайт" деген 37 жаштагы Т.И.М, 23 жаштагы А.у.Б. жана Казак деген каймана аты бар 27 жаштагы Ж.Д. аттуу Женгонун кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн кармады", — деп айтылат билдирмеде.
Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо жана аларга каршы күрөш уланып жатканын кошумчалады.
Шектүүнү кармоо. Архидик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
УКМК чек арадагы өткөрүү пунктунан акча чогулткан кылмыштуу топту кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0