Нанды кымбат саткандарга 13 миң сомго чейин айып салынат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү нан азыктары. Архивдик сүрөт
Дүкөндөгү нан азыктары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Жазылуу
Эртеңден баштап нан саткан жерлерде баага көзөмөл жүргүзүлө баштайт.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстанда нанды кымбат саткандар айыпка жыгылат. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Санжарбек Кокошеров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, эртеңден баштап нан саткан жерлерде баага көзөмөл жүргүзүлө баштайт.
"Эгерде нандын баасы биз коюп бергенден ашса, алгач эскертүү берилет. Андан кийин да бузуулар катталса жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып салынат", — деди ал.
Белгилей кетсек, өлкөдө нандын баасы кымбаттап кеткендиктен өкмөт анын баасын бекитти.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Министрлерди "не тормози" деп коюңузчу. Депутат ундун кымбатташын сынга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0