Кыргызстандык “Акун” холдинги Подмосковьеде макарон өндүргөн завод ачат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүМакарон цехи. Архив
Макарон цехи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Жазылуу
Долбоорго жасалчу инвестициянын көлөмү 500 миллиондон ашык рублди түзөт.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандык “Акун” холдинги кийинки жылы Подмосковьедеги Электрогорск шаарына жогорку сапаттагы макарон азыктарын өндүргөн завод ачат. Бул тууралуу Москва облусун өнүктүрүү корпорациясы билдирди.
Москва өкмөтүнүн инвестиция, өнөр жай жана илим министри Екатерина Зиновьева өндүрүштүк кампа комплексинин курулушу 2024-жылдын аягында толук ишке кирерин айтты.
“Долбоорго жасалчу инвестициянын жалпы көлөмү 500 миллиондон ашык рублди түзөт. Анын арты менен региондо 80 жумушчу оруну түзүлөт”, — деди Зиновьева.
Корпорация билдиргендей, ишкана эки мөөнөт менен иштеп, айына 700 тонна жумуртка кошулган кесме жана 500 тонна спагетти менен букатини чыгарат. Сырьёну жана даяр продукцияны өзүнүн лабораториясынан текшерет.
“Акун” макарон азыктарын Россия боюнча гана эмес, Беларуска да жеткире алат.
Россиялык бизнес Кыргызстан менен кызматташууну бекемдегиси келет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Россиялык бизнес Кыргызстан менен кызматташууну бекемдегиси келет
Жаңылыктар түрмөгү
0