УКМК: Камчы Көлбаев саясий процесстерге таасир этип турган

© AFP / YURI CORTEZКишендер. Архив
Кишендер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
УКМК Көлбаевдин криминалдык абалы өлкөдөгү саясий процесстерге таасир этүүгө мүмкүндүк бергенин белгилеген.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү жана лидерлери кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Атайын кызмат билдиргендей, Көлбаев 2008-жылдан бери "кылмыштуу империя" түзүп, негизги максаты өзүнүн жана жакындарынын мыйзамсыз баюусу болгон.
"Кримтөбөлдүн криминалдык чөйрөдөгү позициясы күчөгөн сайын анын мыйзамсыз каржылык активдери да көбөйгөн, анын ичинде Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөн. Көлбаевдин криминалдык абалы, чексиз каржы ресурстары, ошондой эле жазасыз калуусу өлкөдөгү саясий процесстерге таасир этүүгө мүмкүндүк берип, улуттук коопсуздукка олуттуу коркунучтарды жараткан", — деп жазылат маалыматта.
УКМК айрым адамдар, анын ичинде чоң кызматтагылар, саясатчылар "мыйзамдагы уурунун" тобунан чочулап, кээ бири анын "достугуна жана колдоосуна" умтулушканын белгилеген.
Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясы учурунда 4-октябрда жок кылынган.
УКМКнын атайын күчтөрдүн кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2023
Уюшкан кылмыштуу топ коркутса кабарлагыла! УКМК ишкерлерге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0