ЕАЭБ өлкөлөрүндө эт, сүт, жумуртка өндүрүү көбөйдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБакма канаттуулар фабрикасында кесүүчү цех. Архив
Бакма канаттуулар фабрикасында кесүүчү цех. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
ЕЭК быйылкы жылдын сегиз айындагы маалыматтарды жарыялап, аларды былтыркыга салыштырды.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. ЕАЭБ ичинде январь-август айларында малдан алынган негизги азыктардын көлөмү (сүт, жумуртка, канаттуу менен малдын союлушу) көбөйгөнүн Евразиялык экономикалык комиссиядан билдирди.
ЕЭК быйылкы жылдын сегиз айындагы маалыматтарды жарыялап, аларды былтыркыга салыштырды.
Канаттуу менен малдын союлушу (тирүү салмагы) 2,3 пайызга өскөн:
Армения — төмөндөгөн (2022-жылдагы көрсөткүчтөн 96 пайыз, бирок маалыматтар быйылкы жылдын 7 айы үчүн);
Беларусь — 0,2 пайызга өскөн;
Казакстан — 4,3 пайызга өскөн (маалыматтар уйдун сүтү боюнча);
Кыргызстан — 1,3 пайызга өскөн;
Россия — 2,4 пайызга өскөн.
Сүт өндүрүү 3 пайызга жогорулаган:
Армения — төмөндөгөн (2022-жылдагы көрсөткүчтөн 94,8 пайыз, бирок маалыматтар быйылкы жылдын 7 айы үчүн);
Беларусь — 5,5 пайызга өскөн;
Казакстан — 2,6 пайызга өскөн;
Кыргызстан — 2,2 пайызга өскөн;
Россия — 2,6 пайызга өскөн.
Жумуртка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Кыргызстан жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде лидер болду
Жаңылыктар түрмөгү
0