Израилди ракета менен аткылап жатышат. Өлкө согушка резервчилерди чогултуп баштады

© AFP / MAHMUD HAMSГаза шаарынан Израилди көздөй ракеталар атылган
Газа шаарынан Израилди көздөй ракеталар атылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2023
Жазылуу
Бүгүн эртең менен Израилдин бийлиги Газа секторунан террорчулар кирип кетти деген билдирүү жасаган.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Израилдин Коргоо министрлиги Газа секторунан согушкерлер кирип келип, тынымсыз ракеталык аткылоолор болуп жаткандыктан резервчилерди массалык түрдө чогултуп баштаганын РИА Новости жазды.
Буга чейин Израилдин коргоо армиясы согушка даярдык режимин жарыялаган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Тель-Авивдеги Коргоо министрлигинин штабына күч блогунун командачылыгы менен жолугушууга баратканы айтылган.
Бүгүн эртең менен Израилдин коргоо армиясынын маалымат кызматы анклав тарабынан массалык ракеталык аткылоонун фонунда Газа тилкесинен өлкөнүн чек ара аймактарына белгисиз сандагы террорчулар кирген деген маалымат берген.
Оорук кызматынын командачылыгы чек арага жакын жайгашкан калктуу пунктулардын тургундарына үйлөрүнөн чыкпай, бомбадан сактоочу жайларда болууну суранды.
РИА Новостинин Telegram-каналынын ЖМКларга шилтеме берип жазганына караганда, кеминде 5 киши көз жумуп, 100дөн ашык адам каза болгон.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Донецкти аткылоосунан улам күйүп кеткен унаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк украиналык аскерлердин аткылоосуна кабылып, төрт киши көз жумду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0