Азык-түлүктү дыйкандардын өзүнөн алыңыз! Бишкекте жарманке өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы эски аянтта "АгроТехЭкспо — 2023" көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси. Архив
Бишкек шаарындагы эски аянтта АгроТехЭкспо — 2023 көргөзмөсү жана Алтын күз айыл чарба жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
Бул көргөзмө — дыйкандар түшүмүн, ишкерлер өздөрү өндүргөн товарларын сатууга мүмкүнчүлүк түзгөн аянтча.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. 20-22-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы эски аянтта "АгроТехЭкспо — 2023" көргөзмөсүнүн алкагында "ОрганикЭкспо — 2023" жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкелери өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, быйыл мындай иш-чара 10-ирет өтөт.
Көргөзмөнүн алкагында эң көп түшүм алган дыйкандар, асыл тукум мал баккан фермерлер арасында конкурстар да болот. Анын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат.
Жарманкеге айыл чарбасына керектелүүчү бардык товарлар коюлат: үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүк дарылары, айыл чарба техникалары жана башкалар. Ага келгендер айыл чарба техникаларын лизингге алса болот. Бул үчүн маалымат-кеңеш берүү үчүн банк кызматкерлери да иш-чарага катышат.
"Алтын күз" айыл чарба жарманкесине дыйкандар өздөрү өстүргөн мөмө-жемиш, жашылчаларын алып чыгышса, ишкерлер өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн сатыкка коёт. Министрлик жарманкеде товарлардын баасы арзаныраак болорун белгиледи.
"ОрганикЭкспо – 2023" жарманкесинде айыл чарбасына тиешелүү суроо-жооптор болот. Ага келген дыйкандар суроолоруна жооп ала алышат", — деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, көргөзмөгө үч күн ичинде 15 миңдей ишкер, фермер, дыйкандардын катышуусу күтүлүүдө.
Айыл чарба техникалары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2023
Бишкекте эл аралык "Кыргызстан ЕХРО — 2023" көргөзмөсү өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0