Кендирбаева элеттеги орус класстарын жабуу боюнча айтканына түшүндүрмө берди

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМугалим орус тил сабагын өткөрүп жатат. Архивдик сүрөт
Мугалим орус тил сабагын өткөрүп жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
Министр кызматына талапкер айыл жергесинде орус тилин окутууну чектөө боюнча айткан пикирин бир нече өңүттөн алып негиздеп берген.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Коомчулук катуу талкууга алгандан кийин билим берүү министрине талапкер Догдуркүл Кендирбаева орус тилинде окуткан класстардын жабылышы боюнча айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.
Эске салсак, кечээ ал ЖК жыйынында айрым айылдарда орус тилинде окуткан класстар чектелерин билдирген.
Мындай билдирүү коомчулукта катуу талкуу жаратып, бир топ пикирлер айтылган.
Кечээ айткандарын Кендирбаева төмөнкүчө негиздеди:
учурда айрым кыргыз тилдүү мектептерде орус класс ачып алып, бирок орус тилинде сапаттуу билим берүүнү камсыз кылган мугалимдери жок. Бала чайналып же кыргызча, же орусча толук өздөштүрө албай, арабөк калган учурларды көрүп жатам;
айыл жеринде андай класстагы окуучулардын ата-энелери "орус тилинде сабак өтө турган мугалимдерди таап бербесеңер балдарыбыз тилди такыр өздөштүрө албай жатышат, бул маселени чечип бергиле" деп көп кайрылышты;
айрыкча башталгыч классты орусча окутуп, андан ары орус тилинде уланта турган предметтик мугалимдери жок, кайра кыргыз тилинде уланткан фактылар бар;
орус тилинде мугалимдер, окуу методикалык комплекстер менен жетиштүү камсыздабай туруп баланы орус тилинде окутуу гумандуу педагогика принциптерине туура келбейт. Педагогикалык жетишкендигин камсыз кыла албайбыз, балдарыбыздын убалына калабыз;
балдарга орус тилинде билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандыра албагандан кийин андай натыйжасыз классты жаап салган туура деп ойлойм;
араңарда орус тилдүү предметниктер, башталгыч класстын мугалимдери болсо мектепке, айрыкча айыл мектебине кош келиңиз! Вакансия көп!
көп тилди билүү негизи абдан жакшы мүмкүнчүлүк жана бул багытта иштер уланат.
Владение языками в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Өлкөдө кыргыз жана орус тилдерин билүү деңгээли. Эл каттоонун жыйынтыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0