Өлкөдө эмчек рагы менен ооругандар көбөйүүдө. Дарыгерлерден аялдарга кулак кагыш

© Photo / Pexels / ThirdmanЖенщина на осмотре у врача
Женщина на осмотре у врача - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
Өлкөдө 60-70 пайыз бейтаптарда эмчек рагы үчүнчү-төртүнчү стадияга жеткенде аныкталат.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да эмчек рагы боюнча маселе курч бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирип, аялдарды медициналык текшерүүдөн өтүп турууга чакырды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, эмчек рагы дүйнөдөгү онкологиялык оорулар арасында көптүгү боюнча биринчи сапка чыкты.
"Аталган илдет жайылып жаткандан тышкары жашарып да баратат. Учурда ага төрөт курагындагы аялдар да кабылууда. Ар бир аял өзүнүн саламаттыгына жакшы көңүл бурушу керек", — деди Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева.
Кыргызстанда аталган оорудан жабыркагандардын көбү Чүй (32,6 пайызы), Ысык-Көл (25,3 пайызы) облустарында жана Бишкек (22,3 пайызы) шаарында жашайт.
"Тилекке каршы, 60-70 пайыз бейтаптарда рак үчүнчү-төртүнчү стадияга жеткенде аныкталат. Биздин максат – ооруну мүмкүн болушунча эрте аныктоо, ошондо дарылоонун жыйынтыгы болот", — деди Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун орун басары Бакыт Шаимбетов.
УЗИде текшерип аткан врач. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
Өлкөдө аялдардын ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык акция жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0