Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Нарындын алыскы Кырчын айылындагы 18 үй интернетке туташты

© Sputnik / Асел Акмат"Санарип инсан" долбоорунун менеджери Ажыбек Нурланов
Санарип инсан долбоорунун менеджери Ажыбек Нурланов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
"Санарип инсан" долбоорунун менеджери Ажыбек Нурланов Нарын районунун бийик тоолуу Кырчын айылы зымдуу интернетке туташтырылганын айтты.
Кырчында интернет пайда болгону менен азырынча мобилдик байланыш жок. Бул тууралуу Ажыбек Нурланов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Нарындын алыскы Кырчын айылындагы 18 үй интернетке туташты
Анын айтымында, "Санарип инсан" долбоору буга чейин алыскы Суусамыр, Зардалы айылдарын интернетке кошкон.
"Коомчулукту интернет менен камсыздоо боюнча глобалдык демилгенин аркасында Кырчын айылы дүйнө желесине кошулду. Айылга була-оптикалык тармактарды чубоо боюнча бардык керектүү техникалык иштер аткарылды. Жашоочулар айына 650 сом төлөп, секундасына 30 мегабит ылдамдыкта (Бишкекте интернет секундасына орточо 50 мегабит ылдамдыкта иштейт) интернет колдонуп жатышат. Бүгүнкү күндө чакан айылдагы 18 үйдүн ар биринде интернет бар. Тургундар интернет-кызматты толук колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, балдар аралыктан окуй алышат. Кырчында 100гө жакын адам жашайт. Бул айылда интернет байланышы жок болчу. Карантин учурунда сигналды кармап, керектүү материалдарды жүктөп алуу үчүн баары жакынкы тоого чыгышчу. Айылда мектептин жоктугунан 30дай бала төрт чакырым аралыкты басып, коңшу Арал айылына жөө барып-келип окушат. Кырчында оорукана, бала бакча да жок. Бул кыштак деңиз деңгээлинен 1 500 метр бийиктикте", — деди Нурланов.
Ал айылдарга интернеттин киргизилиши экономикалык чөйрөнү, билим берүүнүн деңгээлин жакшыртууга көмөктөшөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0