Кендирбаева элет жеринде орус тилин окуткан класстар чектелерин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековОрус тили окуу китеби. Архивдик сүрөт
Орус тили окуу китеби. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
Догдуркүл Кендирбаеванын билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети карап жатат.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Билим берүү министрлигинин артыкчылыктуу багыты — кыргыз тилин окутууну милдеттүү түрдө көбөйтүү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде айтты.
"Билим берүү министрлигинин артыкчылыктуу багыты — кыргыз тилин милдеттүү түрдө көбөйтүү. Себеби Кыргызстанда өзөктүү конституциялык тил кыргыз тили болгондуктан бул маселелерди биринчи орунга коебуз. Бул айрым билим берүү мекемелеринде ызы-чууну, каршылыктарды жаратышы мүмкүн. Бирок милдетибиз ошол", — деди ал.
Мындан сырткары, Кендирбаева элеттеги орус класстарын жабууга туура келет деген пикирин билдирди.
"Функционалдык сабаттуулуктун биринчи өзөгүнө, кыргыз тилине өткөрүшүбүз керек. Балким айыл жериндеги орус тилиндеги чөйрө жок орус класстарын жабууга туура келер. Анткени билим берүүнүн жетишкендигинде бул чоң сапат бербей жатат", — деп түшүндүрдү мындай чечимди Кендирбаева.
Кендирбаеванын Билим берүү жана илим министрлигине талапкерлигин Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети карап жатат.
Владение языками в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Өлкөдө кыргыз жана орус тилдерин билүү деңгээли. Эл каттоонун жыйынтыгы
Чет жердеги орус мурасы фондунун жетекчиси Елена Чернышкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Чернышкова: Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу жогору бойдон калууда
Жаңылыктар түрмөгү
0