ЕЭК өкүлү ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өнөр жай саясатынын негизги багыттарын санады

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүЗаводдо өндүрүш учурунда жумушчу
Заводдо өндүрүш учурунда жумушчу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
2030-жылга чейинки башкы максат — мурдагыдай эле ЕАЭБде туруктуу, атаандаштык жараткан өнөр жайды илгерилетүү.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев ЕАЭБдин өнөр жай жаатындагы кызматташуусунда негизги багыттарды санап берди.
Ал "Россия 24" телеканалына маек берип жатып 2030-жылга чейинки башкы максат мурдагыдай эле ЕАЭБде туруктуу, атаандаштык жараткан өнөр жайды түзүү болуп каларын белгилеген.
Өнөр жай саясатында Кушнарев санап берген башкы багыттар:
чийки зат, кадр, технология сыяктуу өндүрүш факторлору менен камсыз кылуу;
экспорт рыногундагы өнөктөштүк. Тагыраагы, чет жакта биргелешкен инфраструктура, өнөр жай зоналарын, сатуу өкүлчүлүктөрүнүн зонасын түзүү;
өнөр жай-технологиялык өнөктөштүк. Анын ичинде компетенция борборлорун, өнөр жай кызматташтыгына ылайыктуу чөйрө түзүү.
"Өнөр жай боюнча кеңешинде ИННОПРОМ сыяктуу көргөзмө Россияда эле эмес, Евразия боюнча жалпы өнөр жай көргөзмөсүнө айланышы керек деген чечим кабыл алынды. Россиянын Соода жана өнөр жай боюнча вице-премьери Денис Мантуров аны "Евразия ИННОПРОМу" кылууну сунуштаган жана бул идеяны бардык мамлекеттин мүчөлөрү колдоду", — деди Кушнарев.
Ал бул демилге алфавит ирети боюнча ишке ашарын айтып, көргөзмө 2024-жылы Арменияда өтө турганын кошумчалаган.
Легпром жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы юридикалык жактар бирикмесинин президенти Сапар Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Радио
ЕАЭБ рыногуна чыкккандан кийин Кыргызстандын тигүү тармагы тез өнүктү
Жаңылыктар түрмөгү
0