Эксперт: АКШ өзүнүн валютасынын душманы болуп жатат

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүү100 долларлык банкноттун фрагменти. Архивдик сүрөт
100 долларлык банкноттун фрагменти. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
АКШ доллардын күчүн өзүнө пайда келтирип, санкция салган өлкөлөргө зыян кылуу үчүн колдонот.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. АКШ ар кыл мамлекеттерге салынган сакциялардан улам ага болгон ишенимди жок кылып, өзүнүн валютасынын душманы болууда. Мындай пикирин Өнүктүрүү боюнча жаңы банктын мурдагы (2015-2017) вице-президенти, бразилиялык экономист Пауло Батиста Ногейра билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШ доллардын күчүн өзүнө пайда келтирип, аларга (башка өлкөлөр – ред.) зыян кылуу үчүн колдонот. Ар кыл мамлекеттерге салынган сакциялардан улам долларга болгон ишенимди жок кылып, өзүнүн валютасынын душманы болууда", — деген Ногейра журналисттерге "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун жыл сайын өтүүчү отурумунда БРИКСтин бирдиктүү валюта түзүү сунушуна комментарий берип жатып.
Эксперттин пикиринде, 2024-жылы БРИКСте Россиянын жана 2025-жылы Бразилиянын төрагалыгы — оңдой берди болду, анткени эки лидер тең бирдиктүү валюта түзүүгө кызыкдар. Бирок бул демилге "кылдат иштеп чыгууга жана жаңы ыкмаларга" муктаж.
"Эгерде баары жипке тизгендей болуп шыдыр кетсе, 2025-жылдагы саммитте валютаны түзүү боюнча конкреттүү кадамдар кабыл алынат деп ишенем", — деген Ногейра.
Россия лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Путин БРИКС саммитинде бирдиктүү эсептешүү валютасы тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0