Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Психолог: эненин өзүнө болгон ишенбөөчүлүгү көп учурда кызына өтөт

© Sputnik / Асел АкматПсихолог Шолпан Мамытова
Психолог Шолпан Мамытова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Жазылуу
Психолог Шолпан Мамытова бала ата-энеден укканын эмес, көргөнүн жасай турганын айтты.
Энесинин өзүнө болгон ишенбөөчүлүгү кызына өтүшү мүмкүн экенин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Психолог: эненин өзүнө болгон ишенбөөчүлүгү көп учурда кызына өтөт
Анын айтымында, кыз киши көпчүлүк учурда атасы кандай болсо ошондой адамга турмушка чыгат.
"Ата-эненин балага психологиялык жактан тийгизген таасири абдан чоң. Бул нерсени бөлүп кароого туура келет. Апасы менен кызынын мамилесин ала турган болсок, кызы үй иштерин жасаганда көпчүлүк учурда апасын туурайт. Идиш жууганы, кыймылы бүт окшош болуп калышы ыктымал. Эгер энесинде өзүнө ишенбеген сапат бар болсо, ал нерсе кызына да өтүшү толук мүмкүн. Ал эми кызы менен атасынын мамилесин айтсак, атасы эркелетип, назик, кылдаттык менен мамиле жасаса кызы келечекте да ошондой адамга турмушка чыгат. Бул нерселер аң сезимдүү да, аң сезимдүү эмес да иштей берет. Кыз бала көпчүлүк учурда атасына окшогон же мүнөзү жагынан атасындай болгон күйөө тандайт. Ал эми эркек бала менен апанын мамилесинде эне баласына көбүрөөк эркиндик бергенге аракет кылышы шарт. Жөнөкөй эле кийим тандоодо баланын ордуна апасы чечим кабыл албашы зарыл. Эркек баланын каалоосун тыңдоо жана ага өз алдынча болууга үйрөтүү абдан маанилүү. Ошондой эле балада автоматтык түрдө атасы кандай болсо үйдө эркек киши ошондой болуш керек деген образ калыптанат. Эгер атасы иштерман болсо баласы да сезип-сезбей ал нерсени өзүнө кабыл ала берет. Ал эми атасы иштебей, баласын иште дей берсе, же атасы тамеки тартып, баласын чылым чекпе десе бала көп учурда укканын эмес көргөнүн кылат. Мындан сырткары, балдар ата-энесинин бири-бирин чындап сүйөр-сүйбөсүн сезишет", — деди психолог.
Ал балдардын көбү ата-энелери урушуп калган кезде жараштырууга аракет кыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0