Бети кескиленген Асел. Жогорку соттун төрагасы судьяны иштен алууну талап кылууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Жазылуу
Жогорку соттун төрагасы соттук системага мындай адамдардын кереги жок деп эсептейт.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Мурдагы аялынынын кулак-мурдун кесип салган эркек кишини пробациялык мөөнөт менен бошотуп койгон сотту иштен алуу боюнча сунуш Соттордун кеңешине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "Кабарга" билдирди.
Базарбеков соттун аракети туура эмес болгон деп эсептейт.
"Биз ыкчам чара көрүп, анын аракетине баа берүүнү өтүнүп жатабыз. Ал иштен алынышы керек. Соттук системага мындайлардын кереги жок. Коомчулук буга чыдабайт", — деди Базарбеков.
20-сентябрь күнү эркек киши мурдагы аялынын үйүнө кирип барып кулак-мурдун кесип салган. Аялга операция жасалып, шектүү камакка алынды. Өткөн жылдын сентябрь айында Асел зордукталганын айтып биринчи жолу арыз жазган. Бирок Сокулук райондук соту жабырлануучунун тосмо арызынан улам ишти токтоткон.
Январда Асел кайрадан зордукталган. Сот анын мурдагы жолдошун күнөөлүү деп таап, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүнүн негизинде эркиндикке чыгарган. Сот зөөкүрдүн улгайган курактагы энеси жана жабырлануучу экөөнүн ортосундагы эки баланы эске алган. Экинчи инстанция райсоттун чечимин жокко чыгарып, сегиз жылга камакка алды.
Энесинин кулак-мурду кесилип жатканда уулу үйдө болгон. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Энесинин кулак-мурду кесилип жатканда уулу үйдө болгон. Окуянын чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0