Ысык-Көлдө ЕАЭБ мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын отуруму өттү. Жыйынтык

© Sputnik / Жантай МакеновЫсык-Көлдөгү ЕАЭБ мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын отуруму
Ысык-Көлдөгү ЕАЭБ мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын отуруму  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Иш-чарага Кыргызстандын, Армениянын (онлайн), Беларустун, Казакстандын жана Россиянын өкүлдөрү катышты.
ЫСЫК-КӨЛ, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн, 28-сентябрда, Ысык-Көл облусунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын (БКБК) 43-отуруму өттү. Бул тууралуу КРдин Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.
Иш-чарага Кыргызстандын, Армениянын (онлайн), Беларустун, Казакстандын жана Россиянын өкүлдөрү катышты.
КР Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясы Евразия экономикалык бирикмесиндеги тапшырмаларды жана бажы мыйзамдарын ишке ашырууда чоң роль ойной турганын белгиледи.
© Sputnik / Жантай Макенов43-е заседание Объединенной коллегии таможенных служб государств — членов ЕАЭС в Иссык-Куле
43-е заседание Объединенной коллегии таможенных служб государств — членов ЕАЭС в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
"Биз ар бир кабыл алынган чечим мамлекетибизге оң таасир алып келсин деп аракет кылып жатабыз. Мында Евразия экономикалык бирикмесине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын кызматташуусу жана макулдашылган аракеттери негизги ролду ойнойт", — деди Исабеков.
Тараптар БКБКнын алдындагы жумушчу топтордун ишмердүүлүгүнүн анализинин жыйынтыктарын угушту. Мындан тышкары, бажы багытындагы бажы баасы боюнча БКБКнын чечимдеринин аткарылышы жөнүндөгү мониторинг маселелери каралды. Ошондой эле бир нече мамлекеттердин аймагында бажы коштоосун колдонуудагы көйгөйлөр каралды.
Жыйындын жүрүшүндө бажы операциясын жүргүзгөн тараптарды категориялаштыруунун бирдиктүү тартибин, бажы ведомстволорунун маалыматтык кызматташуусунун техникалык шарттарын бекитишти.
Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташуусу боюнча министри Элдар Алишеров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Радио
ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү транзиттик система ишке кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0