Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: БРИКС БУУнун жаңы базасына айланышы ыктымал

© Sputnik / Асылбек БактыбековМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов БРИКС БУУнун жаңы базасына айланышы ыктымалдыгын айтты.
БРИКС уюмунун акыркы өткөн саммитинен кийин аны G7нин ордун басып калды деп айтсак болот. Бир эле мисал, Дүйнөлүк банктын билдиришинче, Чоң жетилик же G7 эл аралык клубунун ИДПсы 2023-жылга карата жалпы дүйнөлүк ИДПнын 29,9 пайызын түзсө, БРИКС уюмуна мүчө мамлекеттердики 32,1 пайызга жеткен. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: БРИКС БУУнун жаңы базасына айланышы ыктымал
Анын айтымында, дүйнө лидерлери Бириккен Улуттар Уюмун, анын ичинде Коопсуздук кеңешин өзгөртүү керектигин билдирип жатышат.
"Учурда "глобалдуу түштүк" деген термин пайда болду. Бул Батыштын курган системасына макул болбогон өлкөлөрдүн кызматташуусунун жандануусу, керек болсо айрым платформаларда биригүүсү менен коштолууда. Мунун бир мисалы катары БРИКС уюмуна быйыл алты өлкөнүн кошулушу, кыркка чукул мамлекеттердин уюмга кирүү кызыкчылыгын билдиришин, алардын ичинен 20дайы расмий кайрылуу жасашын айтсак болот. Буга чейин эле Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Индия премьер-министри Нарендра Моди сыяктуу күчтөнүп бара жаткан өлкөлөрдүн лидерлери БУУну өзгөртүү зарылчылыгы жаралганын айтып келишкен. Өзгөчө анын Коопсуздук кеңешинин курамын өзгөртүү, 1945-жылдан бери ага мүчө болуп келе жаткан Америка, Россия, Кытай, Улуу Британия жана Франция мамлекеттеринин ичинен акыркы экөөнүн таасири азайып жаткандыгын, бул кеңешке мүчөлүккө ошол эле Түркия кошулуу кызыкдарлыгын билдирген. Башкача айтканда, азыр дүйнөлүк саясаттын, экономиканын Чыгышка ыкташы менен БРИКС БУУнун жаңы базасына айланышы толук мүмкүн", — деди Мамытов.
Ал Батыш жана АКШнын Ирак, Ливия жана Сирияга карата мамилесинен кийин башка мамлекеттер Батышка болгон көз карашын өзгөрткөндүктөн БРИКСке мүчө болууну каалагандардын саны арбып жаткандыгын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек БРИКС – бул Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрүнүн башын бириктирген уюм. Ал 2006-жылы түзүлгөн. 2023-жылдан тарта катарына Аргентина, Египет, Иран, БАЭ, Сауд Арабиясы, Эфиопия кирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0