Азиададан алтын алган дзюдочу Эрлан Шеров тууралуу эмне белгилүү

© Photo / International Judo FederationДзюдочу Эрлан Шеров
Дзюдочу Эрлан Шеров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Дзюдочу Эрлан Шеров Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын медаль тагынып, жылдызы жанды.
Спортчу 1998-жылы 19-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Төрт бир туугандын үчүнчүсү, эжеси, байкеси жана карындашы бар. Атасы убагында грек-рим күрөшү менен, апасы жеңил атлетика менен алектенген.
Атасы Эрланды 10 жашында залга алып келген. Үч жыл грек-рим күрөшү жана дзюдо менен машыгып жүрүп, акыры дзюдону тандап кеткен.
Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясында, андан кийин Улуттук университетте юриспруденция багытында билим алган.
Олимпиада, дүйнө чемпиону болууну кыялданат. Бош убактысында футбол, теннис ойноп, кино көрүп, китеп окуйт. Орус адабиятына кызыгат.
Эттүү тамактарды жактырган жигиттердин катарында. Бойдок.
Спортчунун дзюдодогу ийгиликтери ого эле көп, ал Азиадада алтын уткан алгачкы кыргызстандык дзюдочу боло алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0