Токтогул ГЭСинде суучул болуп иштеп жаткан Кореянын жараны каза тапты

© Sputnik / Жоомарт УраимовТоктогул ГЭСи. Архивдик сүрөт
Токтогул ГЭСи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
Ал үч жылдан бери Токтогул ГЭСинин тереӊдик дарбазасында жүрүп жаткан реконструкцияда суучулдар тобунун бригадири болуп эмгектенип келген.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Токтогул ГЭСинде суучул болуп иштеп жаткан Кореянын жараны каза тапты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка караганда, 24-сентябрь күнү саат 9:45тер чамасында милицияга суучул көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Факты Кара-Көл ШИИБинде каттоого алынып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган.
"Текшерүү учурунда Кореянын 58 жаштагы жараны 24-сентябрь күнү суу астында тазалоо иштерин жүргүзүп жатып белгисиз себептер менен суудан чыга албай каза болгондугу аныкталган. Анын сөөгү ошол эле күнү табылып, саат 13:50лөр чамасында суудан чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.
Ал 2020-жылдан бери Токтогул ГЭСинин тереӊдик дарбазасында жүрүп жаткан реконструкцияда суучулдар тобунун бригадири болуп эмгектенип келген.
Компьютердик клуб. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Токмокто компьютердик клубда ойноп жаткан өспүрүм көз жумган
Жаңылыктар түрмөгү
0