Жапаров: өзбек тарап агып кирген сууну кандай колдонсо да бизге айырмасы жок

© Фото / АО "Гидропроект"Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив
Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы чагымчыл маалымат каражаттарынын чагымына алдырбоого чакырды.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЖМКларда "Кытай Кемпир-Абаддан Ферганага таза суу жеткире турган долбоорду каржылайт" деп чыккан маалымат боюнча жооп берди. Бул темада ал "Кабар" улуттук агенттигине маек курган.
"Агып кетип жаткан сууну өзбек тарап арык, түтүк же асман менен алып кетеби, кандай айырмасы бар? Ар бир кыймыл-аракетти эки тарап макулдашып жасап турабыз. Мындан ары кыргыз-өзбек достугу бекем болот, аны бир кудайдан башка эч ким буза албайт", — деди мамлекет башчы.
Жапаровдун айтымында, Кемпир-Абадды илгертен бери 100 пайыз Өзбекстан башкарып келген, былтыр чек ара маселеси менен чогуу суу сактагыч да чечилген.
"Келишимге ылайык, азыр теңме-тең башкаруу болуп калды. Биздин кишилер дагы отурушат, мындан ары ушундай болот. Кыргыз тарап суунун 10 пайыздайын пайдаланабыз, калганы 100 жылдан бери Өзбекстанга агып кетет. Дагы 100 жыл агат. Теңме-тең башкаруу биз үчүн чоң жеңиш. Биринчиден, 900-горизонталдан ашып кетпешин көзөмөлдөйбүз, кургак жерлерибизди суу басып кетпеш керек. Экинчиден, плотинадан ылдый турган айылдарга сугатка суу алып турушубуз керек. Ал 3 101 кожолукту, 3 848 гектар жерди камсыздайт", — деди президент.
Ошондой эле ал чагымчыл маалымат каражаттарынын чагымына алдырбоого чакырды.
Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Инвестордон акча талап кылуу: президенттин администрациясынан көрсөтмө беришти
Жаңылыктар түрмөгү
0