Депутат камактагы 2 000 адамга мунапыс берүүнү сунуштады. Категориялар

© Sputnik / Андрей Луковский / Медиабанкка өтүүАбакта отурган адамдар. Архив
Абакта отурган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
Коргонбай уулу бул демилге жашоосунда жаңылып же кокустуктан кылмышка баргандарга арналганын айтты.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда абакта отурган жана сыртынан кесилген 2000ге чукул адамга мунапыс берип эркиндикке чыгаруу мыйзам долбоору сунушталды. Аталган демилгени депутат Жусупбек Коргонбай уулу көтөрүп, документ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде биринчи окуудан өттү.
Мунапыс берүү долбоору Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу иштелип чыкканы белгиленди. Ал категория боюнча каралган.
Биринчисинде анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон 70 жаран, тагыраагы:
60 жаштан ашкан эркектер жана 55 жаштан ашкан аялдар;
I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;
жашы жетелек экиден кем эмес же I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган жарандар;
анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар;
жалгыз бой эне болуп саналган аялдар;
көп балалуу аялдар;
ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата өтөлбөгөн жаза мөөнөтү бир жылга чейинки аялдар жана жашы жете электер.
Экинчиси абактан качкан, бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү, аскерден качуу жана дезертирлик кылгандар үчүн каралган. Алар мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде өз ыктыяры менен келсе мунапыска илинип, жазадан бошотулат. Бул категорияга 891 адам туш келет.
Үчүнчү категорияда эркиндигинен ажыратылган 1 025 жарандын жаза мөөнөтүн кыскартуу каралган. Ал төмөнкүдөй болот:
анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондордун жаза өтөө мөөнөтүнүн экиден бир бөлүгү азайтылат;
оор кылмыштар үчүн соттолгондордуку үчтөн бир бөлүгү;
өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондордун төрттөн бир бөлүгү.
Демилгечи депутат Жусупбек Коргонбай улуу долбоор жашоосунда жаңылып же кокустуктан кылмышка баргандарга арналганын айтты.
"Зордуктоо, террорчулук, кылмыштуу топторду түзүү, баңгизат жүгүртүү менен камалгандарга бул мунапыс колдонулабайт. Мурда мындай мыйзамдарды даярдагандар керектүү бир беренени кошуу үчүн абакта отургандардан акча чогултуп алчу экен. Мага да бирөө "канча акча аласыз?" деп чыгыптыр. Бизде андай жок. Азыр мунапыс берсек бюджетке да үнөмдүү болот, күнүнө тамак-ашына 150 сомдон каралат экен. Эми ар бир адам адашат экен жашоосунда, абактарды кыдырып көп балалуу энелерди, биринчи ирет кылмыш жасагандарды көрдүк. Мыйзам долбоору ошолорго багытталган", — деди Коргонбай уулу.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 7 402 адам түрмөдө отурат.
Карылар үйү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Ата-энесин таштап кеткендерди мамкызматка албай, алиментти көбөйтүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0