79 жыл мурда ушул күнү Таллинди советтик жоокерлер фашисттерден куткарган

Жазылуу
1944-жылдын 22-сентябрында Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кызыл Армия Таллинди нацисттик баскынчылардан бошоткон.
Эстония өзүнүн "жаңы тарыхында" аны "Каршылык көрсөтүү күнү" деп атайт.
Жалпы Эстонияны бошотуу операциясы 17-26-сентябрь аралыгында Ленинград фронтунун сол канаты менен Балтика флотунун колдоосунда жасалган.
1947-жылы Эстония борборунун Тынисмяги дөңсөөсүндө Таллинди немецтик-фашисттик баскынчылардан бошоткон аскерлердин элесине арналып эстелик тургузулган. Азыр ал "Бронзовый солдат" деген ат менен белгилүү.
1990-жылдары эстеликтин атын өзгөртүшкөн, ал эми 2007-жылы эстон бийлиги саат 4:30да кызыл аскерлердин мүрзөсүн казып, эстеликти калаанын борборунан Аскер көрүстөнүнө коюшкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0