Кыргызстанда кеме куруу боюнча курстар ачылышы мүмкүн

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКеме куруучу заводдун жумушчусу. Архив
Кеме куруучу заводдун жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Санкт-Петербург шаары кыргызстандыктар үчүн кеме куруу боюнча курс ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Улан Усеков билдирди.
Эскерте кетсек, Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун өкмөттөр аралык комиссиясынын XII жыйыны өтүүдө.
Санкт-Петербург шаарындагы "Эмгек ресурсунун борбору" аталышындагы мамлекеттик мекеменин директору Алексей Чистяков аталган калаадагы кыргызстандыктар жогорку квалификациялуу кызматтарды ээлей турганын белгиледи. Анын айтымында, КР жарандары негизинен кеме курулушунда, курулуш тармагындагы өнөр жай ишканаларында эмгектенишет.
Мындан кийин Усеков кыргызстандыктар үчүн курс ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.
"Элибиз шыктуу, мээнеткеч келет. Жогорку позицияларды да дал ушул жөндөмүнүн аркасы менен ээлеп жатышат", — деди ал.
Койлорду ташуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Санкт-Петербург Кыргызстандын азыктарына, анын ичинен кой этине кызыгууда
Жаңылыктар түрмөгү
0