Россиядагы мигрант таксисттер үчүн жаңы эрежелер: эмне өзгөрдү?

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМосквадагы такси. Архивдик сүрөт
Москвадагы такси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Жазылуу
Такси айдоочулары өз алдынча иштей алышат, бирок колдорунда соттолбогону жөнүндө тастыктама болушу шарт.
Россияда жеңил унаада жүргүнчү жана жүк ташууну уюштуруу жөнүндө 29.12.2022 N 580-ФЗ федералдык мыйзамы 1-сентябрда күчүнө кирди. Эки аптада эмне өзгөрдү? Өзгөрүүлөр мигрант таксисттерге, дегеле бул чөйрөгө кандай таасир этти? Ушулар туурасында Sputnik билүүгө аракет кылып көрдү.

Жаңы эрежелер

Москва шаарынын Транспорт департаментинин 2022-жылга карата маалыматы боюнча, россиялык борбор калаада эле таксист болуп 59,4 миң чет өлкөлүк жаран иштейт. Алардын 44,6 миңи Кыргызстандан, 5,2 миңи – Тажикстандан жана 3,4 миңи Өзбекстандан. 1-сентябрдан тарта алар жаңы эрежелерге ылайык тейлешет.
Мындан ары расмий түрдө таксист болуу үчүн өз алдынча иштөө макамы жетиштүү. Такси паркына жалданып иштегиси келбеген айдоочулар мурда жеке ишкер катары катталышы шарт эле. Бул татаал жана кымбат процесс болчу.
"Жүргүнчү ташууга эмгек келишимин түзгөн жеңил таксинин айдоочусу уруксат алып, өз алдынча жеңил такси айдаган жеке ишкер же ушул ишмердик менен алектенүүгө уруксат берилген жеке тарап боло алат", — деп көрсөтүлгөн мыйзамдын текстинде.
Мындан ары жүргүнчү ташуу менен мыйзамдуу түрдө алектенгиси келгендер уруксат алуу үчүн автоунаасын жеңил таксилер реестрине киргизиши шарт. Алардан соттолбогондугу туурасында тастыктама талап кылынат. Ошондой эле такси кызматы (агрегатор) менен келишим түзүүгө тийиш экенин түшүндүрүп берди Sputnik агенттигине Qugo өз алдынча иш алып баргандар аянтчасынын башкы директору Игорь Знак.
Ошону менен бирге эле башка мамлекеттерден келген айдоочулар соттолбогондугу туурасында тастыктаманы РФ мамлекеттик органдарынан да, өз өлкөсүнөн да алышы абзел. Бул боюнча Sputnik агенттигинин кабарчысына россиялык борбор калаанын транспорт жана такси боюнча эксперти Роберт Ян кабарлады.
"Мен өз өлкөмдүн консулдугуна барып арыз жазышым керек. Алар мага беш мүнөттүн ичинде соттолбогондугумду далилдеген тастыктаманы чыгарып беришет. Анан да "Мамлекеттик кызматтар" аркылуу мен Россияда да соттолбогонум боюнча документ алууга тийишмин", – дейт Москвада таксист болуп иштеген кыргызстандык Айбек.
Роберт Ян айдоочунун мурда соттолгону же соттолбогону жөнүндөгү маалымат формалдуу түрдө 1-марттан тарта талап кылынчу. Дал ошол тушта РФ Эмгек кодексине киргизилген тийиштүү өзгөртүүлөр күчүнө кирген. Бирок 1-сентябрдан баштап агрегаторлор айдоочуларды жумушка тастыктамасыз алууга жоопкерчилик алып, ошол себептүү маселеге олуттуу көңүл бурула баштады.
Такси кызматы эми айдоочуларды текшерип, баалоого жооптуу. Эгер агрегатор уруксаты жок айдоочуга буюртманы табыштаса, тейлөө кызматы бул ишмердикти жүргүзүү укугунан ажырайт. Бирок такси кызматында мындай көрүнүшкө ондон ашуун ирет же жалпы санынын 0,01%ына жол берилсе гана ушундай чара көрүлөт.
Россия Банкынын маалыматы боюнча, кадыресе жеңил унаалардын айдоочуларына караганда таксисттер жол кырсыгына 7,4 эсе көп кабылат. Жаңы эрежелерге ылайык, эгер жол кырсыгы катталса, такси кызматы айдоочу менен зыяндын чыгымын биргеликте көтөрөт. "Киргизилген өзгөртүүлөр агрегатор жана такси кызматтарынын жоопкерчилигин кыйла катаалдатат. Буга байланыштуу алар эми уруксаты жок жактар менен кызматташпайт", – деп белгиледи Игорь Знак.
Өз алдынча иштеген айдоочулар жана жеке ишкерлер жумушка уруксатты электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн "Мамлекеттик кызматтар" сайтына арыз калтырып же РФтеги көп функциялык борборуна кайрылуу керек.
Sputnik агенттигинин кабарчысына Москвадагы "Добро" такси кесиптик бирлигинин төрагасы Николай Кодолов жаңы мыйзамдын күчүнө кириши да, рублдин кунунун төмөндөшү да азырынча россиялык борбор калаадагы таксисттердин санына таасир эте алган жок.
Эмгек миграттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Россияда эмгек мигранттары үчүн адаптациялык курстар иштелип чыкты

Такси ордуна ижара

Такси жөнүндө мыйзам жаңы талаптарга карата бул тармакты даярдоо үчүн өткөөл мезгилди боолгологон эмес. Ошондой эле документ өз алдынча иштегендерге такси айдоо ишмердиги үчүн алдын-ала уруксат алууга мүмкүнчүлүк түзбөгөнүн түшүндүрүп берди "Максим" агрегаторунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Екатерина Мамай.
"Транспорттук коллапска жол бербей, жеткиликтүү бааларды азыркыдай кармап калуу үчүн сервис сапарларды юридикалык эки башка түргө бөлдү. Атап айтканда, жеңил такси жана экипажы менен биргеликте транспорттук каражатты ижаралоо каралды", – дейт ал. "Такси" тарифиндеги буюртмаларды жүргүнчү жана жүк (багаж) ташуучу жеңил такси айдоого уруксаты бар айдоочулар гана аткара алышат. Анткени уруксатка азырынча жүргүнчү ташуучулардын чектелүү саны гана ээлик кылат. Мындай буюртмалардын наркы кадимки түрүнөн кымбатыраак, ал эми сервистин кармап кала турган үлүшү төмөнүрөөк болорун тактап өттү Екатерина Мамай.
"Эконом", "Комфорт", "Бизнес", "Компактвэн", "Минивэн" жеңил тарифтери боюнча буюртмалар РФ Жарандык кодексинде (632, 633-беренелер) каралган экипаждуу транспорттук каражатты ижаралоо келишимине ылайык аткарылат. Жүргүнчү ташуунун бул түрү такси болуп саналбайт. Мындай сапарлардын баасы мурдагы боюнча калат", – деп түшүндүрдү компаниянын өкүлү.
Роберт Яндын пикиринде, агрегаторлор ушундай жол менен өз ишмердигинин бир бөлүгүн такси жөнүндөгү мыйзам чегинен чыгарууда.
Россияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарына каралган артыкчылыктар. Видеотүшүндүрмө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Россияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарына каралган артыкчылыктар. Видеотүшүндүрмө

Такси рыногундагы агрегаторлордун ролу

РФ өкмөтүнүн алдындагы Аналитикалык борборунун маалыматына ылайык, 2021-жылга карата "Яндекс.Такси" менен Uber сервистери жалпы жонунан Россиянын 686 калаасында, Maxim – 496 шаарында өкүлчүлүктөрдү ачкан. Калктуу конуштардын саны боюнча кийинки сапта – "Везет" агрегатору. Роберт Яндын айтымында, россиялык такси рыногунда "Яндекс" ("Яндекс Go", Uber жана 2021-жылы "Яндекс" тарабынан сатып алынган "Везет" сервиси), ошондой эле "Максим" ("Максим", "Поехали" жана Tuda) үстөмдүк кылат.
Россия статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, РФте такси менен сапардын баасы соңку он жылдагы эң жогорку чекке чыкты. 2023-жылы июнь айында жолдун 1 чакырымдык эсеби 32,53 рублди түздү. Tinkoff Data эксперттеринин маалыматында, 2023-жылдын биринчи жарымында Москвадагы такси сапарынын орточо наркы 15%га өскөн. Ошол эле учурда Россия боюнча такси сапарынын орточо баасы 293 рубль болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагындагы баадан 11%га көбүрөөк.
РФте такси жөнүндөгү мыйзам менен катар эле санарип аянтчалардын ээлери тарабынан үстөмдүк абалдан кыянаттык менен пайдаланылышын бөгөттөөгө багытталган "бешинчи антимонополиялык топтом" да 1-сентябрда күчүнө кирди. Бешинчи топтом аралаш рынокторго кыйла чоң таасир тийгизген, ошондой эле тапкан кирешеси соңку календардык жылда 2 млрд. рублден ашкан маркетплейс жана агрегаторлорго тиешелүү.
"Бүгүнкү күндө Россияда мындай сервистердин катарын Avito, Циан, Яндекс.Такси, ошону менен бирге эле тиркемелер дүкөнүнүн ээлери Google жана Apple түзөт. Кийин буларга башка ишканалар да кошулушу толук ыктымал", – деп түшүндүрөт РФ Федералдык антимонополиялык кызматынын басма сөз бөлүмү.
Москва шаарында жашаган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Москва: эмгек миграциясындагы кыргызстандык аялдар үчүн борбор ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0