Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

20-октябрда өлкөдөгү эң мыкты чарбакерлер аныкталат

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигинин көзөмөл жана административдик колдоо башкармалыгынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Мирланбек Бейшеналиев
Айыл чарба министрлигинин көзөмөл жана административдик колдоо башкармалыгынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Мирланбек Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин көзөмөл жана административдик колдоо башкармалыгынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Мирланбек Бейшеналиев 20-21-22-октябрь күндөрү айыл чарба тармагында иштеген адистердин майрамы белгилене тургандыгын айтты.
10-сентябрдан баштап өлкөдөгү мыкты чарбакерлерди аныктоо максатында сынакка кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Мирланбек Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
20-октябрда өлкөдөгү эң мыкты чарбакерлер аныкталат
Анын айтымында, 10-октябрга чейин айыл чарба тармагында иштеген адистерди өзүнүн району министрликке сунушташ керек.
"Айыл чарба сферасында иштегендер үчүн 20-21-22-октябрда чоң майрам болот. Бул күндөрү бир нече иш-чара өткөрүү пландалып, учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылабыз. Былтыр бул иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышкан. 2018-жылдан бери жогоруда аталган күндөрдү майрам катары белгилеп келебиз. Быйыл да саамалыктын алкагында "Мыкты чарбакер" сынагы өтмөкчү. Ага өлкөдөгү бардык айыл чарба тармагында кызмат кылган адистер 14 номинация боюнча катыша алат. Сынакка кабыл алуу 10-сентябрда башталып, 10-октябрда жыйынтыкталат. Ал эми алардын ичинен эң мыктылары 20-октябрда аныкталат. Жеңүүчүлөрдү жети кишиден турган комиссиялык топ аныктайт", — деди Бейшеналиев.
Ал ошондой эле 20-октябрда өлкөдөгү эң көлөмдүү дарбыз, картошка, ашкабак жана помидор аныктала турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0