Валентина Шевченко менен Алекса Грассо көз караштар таймашына чыкты

Жазылуу
Лас-Вегаста Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун көз караштар таймашы болду.
Кыргызстандык мушкер ушул жылдын март айында ажырап калган чемпиондук титулун кайрып алуу үчүн реваншка чыгып жатат. Ал эми Грассо эртең алгачкы ирет чемпиондук титулун коргойт.
“Эртең олуттуу күн, кармашка бүт күчүмдү топтоп, катуу дем менен жан үрөп чыгам. Баарыңыздарга колдооңуздар үчүн чоң рахмат”, — деди Шевченко.
Грассо бул ирет да октагондон чемпиондук курду алып кетүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, жекшембиде, 17-сентябрда, Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен беттешет. Алар Бишкек убактысы боюнча эртең менен саат 9:00дө октагонго чыгары болжолдонууда.
Тема боюнча:
Шевченконун беттешин түз эфирде каяктан көрсө болот? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0