"Манас" аэропорту алгачкы ирет өз каражатына эки учак сатып алды

© AFP / SOEREN BIDSTRUP / Soeren Bidstrup Dash-8-400 учактары. Архив
Dash-8-400 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар 2024-жылдын май айында жеткирилет.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту алгачкы ирет өз каражатына эки учак сатып алганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компания менен келишимге кол коюлган.
Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар 2024-жылдын май айында жеткирилет.
“Учактарды алуу менен компания социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү көздөйт. Алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелер каралган”, — деп жазылган маалыматта.
Бул аракет жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн негизги кадамы экени белгиленди.
Баткен шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Баткенге учак каттамдары көбөйтүлүп, билет баасы бир аз арзандады
Жаңылыктар түрмөгү
0