Алымкадыр Бейшеналиев жакында мамлекеттик дарыканалар ачыларын билдирди

© Фото / РИА НовостиУлгайган аял дарыканадан дары сатып алып жатат. Архив
Улгайган аял дарыканадан дары сатып алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Бейшеналиев ал кызматтан кеткенден кийин социалдык дарыканаларды ачуу иши токтоп калганын айтты.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик дарыканаларды ачуу пландалууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди.
Ал дары каражаттары тармагын тартипке салууну көздөп жатканын белгиледи.
"2021-жылы Ош менен Жалал-Абадда социалдык дарыканаларды ачканбыз. Анда баалар жеке менчиктегилерге салыштырмалуу төмөн болгон. Жеке фармкомпаниялар менен сүйлөшүп, социалдык дарыкана түзгөнбүз. Бирок мен кеткенден кийин токтоп калыптыр. Адистерди чакырып бүгүндөн баштап аны уланталы дедим. Эми жакын арада мамлекеттик дарыканаларды ача баштайбыз", — деди министр.
Ошондой эле ал "Кыргыз фармация" мамлекеттик ишканасы түзүлүп, ал аркылуу алып келинген дарылар ооруканаларга жете баштаганын кошумчалады.
Кыргызфармация мамлекеттик ишканасы түзүлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Милдеттери
Жаңылыктар түрмөгү
0