Байсалов: чет өлкөлүк мигранттар үчүн Кыргызстандын жагымдуулугу артып барат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Уюм Кыргызстанды мындан ары да колдоого даяр.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуулугу өсүп жатканын көрүп жатабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айтты.
Өкмөт мүчөсү бүгүн Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци менен жолуккан.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЭл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци
Визит регионального директора МОМ по Юго-Восточной Европе, Восточной Европе и Центральной Азии Манфреда Профаци - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци
Байсалов өз сөзүндө Кыргызстан менен кызматташуусуна жана 1997-жылдан бери жалпы суммасы 33 миллион долларды түзгөн 80ден ашуун миграциялык долбоорлорго колдоо көрсөтүп келе жаткан ЭМУнун аймактык жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
"Учурда биз миграциялык агымдардын жылышына кылдат байкоо жүргүзүп жатабыз, анын ичинде Кыргызстандын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуулугу өсүп жатканын көрүп жатабыз. Адам сатуу сыяктуу терс көрүнүштөрдүн, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы глобалдык чакырыктардын алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө министрлер кабинети ЭМУнун техникалык жардамына ишенет", — деди Байсалов.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо, эмгек миграциясын башкаруунун заманбап системасын өнүктүрүү боюнча натыйжалуу саясатты жана стратегияларды иштеп чыгуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Өз кезегинде Манфред Профаци миграция маселелери боюнча Кыргызстанды колдоого жана мындан ары кызматташууга даяр экенин ырастады.
Фабрикада иштеген тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Байсалов: өлкөдө тигүүчүлөр жетишпей Непал, Бангладеш, Пакистандан алып келишүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0