Жарым жылда Евразия экономикалык биримдигинин ИДПсы 1,8%га өстү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн желектери. Архив
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
Былтыр биримдиктин бир катар өлкөлөрү экономикалык өсүштүн мыкты динамикасын көрсөткөн.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Россиянын эле эмес, КМШнын башка өлкөлөрүнүн да экономикасына таасирин тийгизген санкцияларга карабастан, быйылкы биринчи жарым жылдыкта ЕАЭБдин ИДПсы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Россиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач Чыгыш экономикалык форумунда билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Вольвачтын айтымында, мындан бир жыл мурда массалык жасалган санкциялык басым азыр тандалма мүнөзгө ээ болду. Ал ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы 2022-жылдын аягына чейин 3 пайызга чейин төмөндөшү болжолдонгонун айтты.
"Биз өткөн жылы кырскартууларды күтүлгөн көлөмдөн эки эсеге аз жасадык. Алардын көлөмүн активдүү өнүгүп жаткан интеграциялык процесстер аркылуу азайта алдык", — деди Вольвач.
Ошол эле учурда ал өткөн жылы биримдиктин бир катар өлкөлөрү экономикалык өсүштүн мыкты динамикасын көрсөткөнүн эске салды. Мисалы, Казакстандын ИДПсы бир жылда 3 пайыздан ашык өскөн.
"Быйылкы биринчи жарым жылдыкта ЕАЭБдин ИДПсы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 пайызга өстү", — деген РФтин экономикалык өнүгүү министринин орун басары.
Аны менен катар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода 2022-жылы 14 пайызга, ал эми быйылкы жылдын биринчи жарымында дагы 11 пайызга өскөндүгү айтылды.
КМШнын Экономикалык кеңешинин Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
КМШга төрагалык кылган бир жылда Кыргызстан эмнеге жетишти? Рыскулова менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0