Путин: Россия — Кытай алакасы болуп көрбөгөндөй тарыхый деңгээлге жетти

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин Кытайдын мамлекеттик катчысынын орун басары Чжан Гоцин менен
Россия лидери Владимир Путин Кытайдын мамлекеттик катчысынын орун басары Чжан Гоцин менен  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү быйыл 200 миллиард долларга жетиши мүмкүндүгү белгиленди.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnilk. Россия — Кытай алакасы болуп көрбөгөндөй тарыхый деңгээлге жетти, өлкөлөрдүн өз ара биргелешкен иши уланат. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин Кытайдын мамлекеттик катчысынын орун басары Чжан Гоцин менен Чыгыш экономикалык форумунун алкагында айтты.
Сүйлөшүү учурунда Путин Кытай лидери Си Цзиньпиндин төрагалык кызматына кайра шайлангандан кийин биринчи чет элдик сапарын Россияга жасаганы эки мамлекеттин алакасынын туу чокусу экендигин белгилеген.
"Бул соңку жылдары Россия менен Кытайдын ортосундагы мамиленин болуп көрбөгөндөй тарыхый деңгээлге жеткендигинен кабар берет. Сиз айткандай эле жасалып жаткан ишти мындан ары улантабыз", — деген Путин.
Ал, мындан сырткары, Россия менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү быйыл 200 миллиард долларга жетиши мүмкүндүгүн айткан.
"Жыл сайын товар жүгүртүүгө анын көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгүн кошуп отурабыз. Быйыл алгачкы жети ай ичинде болжол менен айтылгандай коштук, ал тургай көбүрөөк десек болот. Бул — 24 пайыз, 120 миллиард. Биз Си Цзиньпин болуп белгилеген 200 миллиарддык товар жүгүртүүгө жетүү боюнча айтылгандарды быйыл ишке ашырабыз", — деди Путин.
VIII Чыгыш экономикалык форуму бул күндөрү Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат.
Россиянын жана Кытайыдын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
РФ менен Кытай жогорку технологиялар боюнча маалымат алмашып турмай болду
Жаңылыктар түрмөгү
0