Каныбек Иманалиевди министрликтин жамааты узатты. Видео

© Фото / Пресс-служба Минобразования и науки КРМинистр Каныбек Иманалиев. Архивдик сүрөт
Министр Каныбек Иманалиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Жазылуу
Иманалиев кызматынан кечээ бошотулган.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Каныбек Иманалиевди Билим берүү жана илим министрлигинин жамааты кол чаап салтанат менен узатты.
Эскерте кетсек, Иманалиев министр кызматынан кечээ бошотулган.
"Сиздер менен иштеген тагдырыма ыраазымын! Мен сиздерге үмүт, дух берейин деп келгем. Кыргызстандын билим берүү системасы өтө оор абалда, аны алты айда көтөрүш өтө кыйын. Ушул убакыт аралыгында мага ишенген президентке, Акылбек Үсөнбековичке, парламентке, билим коомчулугуна, мыйзам жазышкан баарыңарга чоң рахмат. Бул менин өмүрүмдөгү унутулгус барактар. Башкысы мен сиздерден баштаган ишти улантабыз деген убада алгым келет. Китеп басууну аягына чыгаргыла. Анан ЖРТнын орточо баллын үч баллга көтөргүлө", — деди экс-министр.
Иманалиев министрликте иштегендердин кесипкөйлүгү жетиштүү деңгээлде экенин белгиледи.
Учурда билим берүү жана илим министринин милдетин Уланбек Усеков аткарып жатат.
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткармай болгон Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Алымкадыр Бейшеналиев жаңы дайындоодон кийин үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0