Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

БМУнун орус филологиясы факультетинин 44 жылдык тарыхы бар

© Sputnik / Асель СыдыковаКусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Ниязалиева
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Жазылуу
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Ниязалиева аталган факультет студенттерди үч багытта даярдай турганын айтты.
Бишкек мамлекеттик университетинин Россия, КЭР, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусь, АКШ, Германиянын ЖОЖдору менен алакасы бар. Бул тууралуу Рахат Ниязалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
БМУнун орус филологиясы факультетинин 44 жылдык тарыхы бар
Анын айтымында, орус филологиясы факультети 44 жылдык тарыхка ээ.

"Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик универститети 1979-жылы ачылган учурдан баштап эле орус филологиясы факультети иштеп келет. Факультет студенттерди үч багытта даярдайт: орус тили мугалими, кыргыз-орус-англис тилдеринде окутуу методикасы боюнча лингвист-котормочулар билим алып чыгат. Бишкек мамлекеттик университетинин Россия, КЭР, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусь, АКШ, Германиянын ЖОЖдору менен алакасы бар. Бул өлкөлөрдүн ичинен өзгөчө Россиянын университеттери менен тыгыз иштешебиз. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Москва мамлекеттик лингвистика университети, Москва мамлекеттик педагогика университети, Россиядагы Элдердин достугу университети, Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту, Россиянын мамлекеттик гуманитардык окуу жайы, Хакас, Урал, Казань, Кубань, Сибирь, Түндүк Кавказ, Башкыр, Алтай, Омск, Тамбов, Чуваш, Калмык мамлекеттик окуу жайлары менен кызматташабыз. Бул ЖОЖдор менен академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлгөн. Мындан үч жыл мурун МГУда кыргыз тилин окуп жаткан студенттер келип бир семестр окуп кетишти. Жылына биздин студенттер да Россияга барып турушат. Жайында биздин 12 студент жана үч мугалим Урал, Казань мамлекеттик окуу жайлары уюштурган 10 күндүк жайкы окууга барып орус маданияты менен таанышып келишти. Андан тышкары, Россиянын мамлекеттик гуманитардык университетинде окутуучулар үчүн жайкы институт уюштурулду. Бизден эки мугалим барды. Студенттер жыл сайын стажировкага жөнөтүлөт. Илимий жаатта да кызматташып, өткөн жылы Кубань мамлекеттик окуу жайы менен конференция уюштурдук. Андан соӊ "Орус тили — илимдин жана прогресстин тили" аттуу эл аралык конференция өткөрүп, Россия, КЭР, Казакстан, Түркмөнстандын 18 окутуучусу катышып, алардын эмгектери БГУнун журналына жарыяланды", — деди Ниязалиева.

Декан былтыр кыргыз таануу боюнча адис болууну көздөп жаткан россиялык үч студентти окутуп чыгарышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0