Арменияда Sputnik серепчиси менен Россияга ыктаган блогер кармалды

© SputnikSputnik агенттигинин серепчиси Ашот Геворкян
Sputnik агенттигинин серепчиси Ашот Геворкян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова мунун артында Батыш турушу мүмкүн экенин белгиледи.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Армениянын түштүгүндөгү Горис шаарында Sputnik агенттигинин серепчиси Ашот Геворкян менен Россияга ыктаган блогер Микаэл Бадалян кармалганын РИА Новости жазды.
Буга чейин Россотрудничествонун башчысы Евгений Примаков Микаэл Горис шаарында дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Sputnik Армениянын маалыматында, учурда тергөө амалдары жүрүүдө, кармоого эмне себеп болгону айтылган эмес.
Агенттик Ашот Геворкян Сюник облусуна автордук программасына радиоматериал үчүн жөнөп кеткен. Ал “Мы” аттуу берүүсүндө чек аралаш айылдардын турмушун көрсөтүп келген.
Ал эми Бадалян саясий себептер менен буга чейин Арменияда кармалганы айтылат.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова мунун артында Батыш турушу мүмкүн экенин белгиледи.
Өкүл бул Ереванда орус-армян медиафорумун өткөрүүгө байланыштуу чагым экенин четке какпайт.
"Чагымчылык кылгандар эки мамлекеттин мамилесин бузуп, четте көз салып тургусу келет. Буга Батыш көп каражат сарптаган. Ага багытталган аракеттер соңку убакытта күч алганы белгилүү. "Сөз эркиндиги — ар бир адамдын абсолюттук укугу" деген ураан менен келген бийлик журналисттерди куугунтуктап, маалымат таратууга тоскоолдук кылганын кабыл алгым келбейт", — деп жазды Захарова.
Ал ошондой эле Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кавказ өлкөлөрүндө пикир билдирүү укугу олуттуу түрдө коргоого алынарын айтканын эске салды.
Москвадагы Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Кремль Армения менен АКШнын боло турчу окуу-машыгуусу боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0