Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматына кайтууда

© Sputnik / Асель СыдыковаАлымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
Бейшеналиев бул кызматка бир жылдан кийин кайтып жатат.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн жөнөтүлөт. Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулуп, социалдык камсыздандыруу, эмгек жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевГүлнара Баатырова
Строительство современного перинатального центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Гүлнара Баатырова
Бейшеналиев бул кызматка экинчи ирет кайтып келип жатат. 2022-жылдын июнь айында Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун билдирген. Бирөө коррупция фактысы боюнча, экөө пара талап кылуу, төртөө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана пайдасыз келишим түзүү болчу.
Мындан кийин президент министрдин кармалышын изилдөө боюнча комиссия түзгөн. Кийинчерээк ал башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Бейшеналиевди кызматтарынан убактылуу четтеткен. Буга алардын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон. Зулушев бир нече убактан кийин ишине кайткан.
2022-жылдын 19-августунда Бейшеналиевди иштен алган. Бирок ошол эле күнү "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна директор болуп дайындалганы белгилүү болгон. Бир жылдан кийин ал кайра министрликке кайтты. Өткөн жылдын күз айларында ага карата козголгон кылмыш иштин баары токтогону кабарланган.
Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Талантбек Иманов Инвестициялар боюнча агенттиктин директору болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0